Бала бакчалар эмне үчүн ачылбай жатканы айтылды

Бала бакчалар эмне үчүн ачылбай жатканы айтылды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык

санэпидем көзөмөл борбору мектепке чейинки билим берүү

уюмдарынын ишин жандандырууга уруксат бербей жатат, — дешти

Республикалык штабдан. Бирок учурда өлкө боюнча 289 бала бакча

кадимки тартипте иштеп жатат. Аларын барында санитардык нормалар сакталууда.

Ачылган мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин көбү

жеке менчик болсо, азыраагы мамлекеттик.