Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына күрөш боюнча тандоо мелдеши Бишкекте өткөрүлбөйт.
Турнир 2021-жылдын 9-10-11-апрелине Алматы шаарына белгиленди. Коңшу өлкөдө өтө турган
тандап алуу мелдешинде 36 лицензия ойнотулат. Алар финалга чыккан спортчуларга берилет.
Учурда Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбековдо
Олимпиада оюндарына лицензиялары бар.