Балбан Жоламан Шаршенбеков Эл аралык күрөш федерациясынан 3 миң доллар алат

Балбан Жоламан Шаршенбеков Эл аралык күрөш федерациясынын

(Бириккен күрөш дүйнөсү) 2021-жыл боюнча рейтингинде 3-орунга жазылды.

Кыргыз балбаны Норвегиянын Осло шаарындагы дүйнөлүк чемпионатта 60 кг

чейинкилер арасында күч сынап, финалга чейин жеткен. Жыйынтыгында күмүш

медаль тагынган болчу. Бул жыйынтык балбанга 38 упай берди. Ж.Шаршенбеков

ошондой эле Токио Олимпиадасында 16 упай топтоп, 7-орунга чыккан. Жалпы

упайы 54 болуп, муну менен 2021-жылдагы дүйнөлүк рейтингде 3-орунга ээ болду.

Алдыңкы 3 орунга ээ болгон спортчулар жыл сайын UWW аркылуу акчалай сыйлык менен

сыйланат. Бул жылы Жоламан Шаршенбековго UWW 3000 доллар сыйлык тапшырат.

Буга чейин кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев да ушул рейтингде

3-орунга жайгашканы, 3000 долар менен сыйлана турганы белгилүү болгон.