Италиянын футбол боюнча курамасы Европа чемпионатынын финалына чыкты. Түндө жарым финалдык бөлүктө Роберто Манчининин тарбиялануучулары Испания курамасын жеңип алды.
Жеңиш оңой келген жок. Оюндун негизги бөлүгү жана кошумча таймдар дагы 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Голдорду Федерико Кьеза жана Альваро Морато киргизди.
Италиялыктар пенальти сериясында гана таамайлыгын көрсөтүп, алдыга чыкты. Финал 12-июлда өтөт. Италиянын атаандашы бүгүнкү Англия-Дания беттешинин жыйынтыгында белгилүү болот.