Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн «Бродвей» пайда болот

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн «Бродвей» пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, долбоор коомчулукка жакында сунушталат. Аны курууга Медеров көчөсүнөн баштап Абай көчөсүнө чейинки узундугу 500 метрден ашкан Гастелло көчөсү тандалып алынган.