Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 11 чакырымы курулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин дагы 4 чакырым салынып бүтөт.
Учурда курулушта 85 жумушчу жана 26 атайын техника иштеп жатат.
Эске салсак, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун жалпы узундугу 186 чакырымды түзүп, долбоор 2030-жылга чейин аяктайт деп пландалууда. Аны ишке ашырууга чет элдик донорлор тартылбай, өлкө өз каражатын багыттап жатат.