Кыргызстанга Кытайдан 85 өрт өчүрүүчү унаа келди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдо дагы 15 унаа келе жатат.
Алардын ичинен 10у авариялык-куткаруучу иштерге колдонулат.
Транспорт кийим-кече, түтүндөн коргоочу беткап өңдүү керектүү жабдыктар менен жабдылган.