Бишкектин Садыгалиев көчөсү 28-апрелден тарта бир тараптуу болот. Кеп анын Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопинге чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат, — дешти муниципалитеттен.
Бул участокто кыймыл бир гана түштүк тарапка уюштурулат.
Мындай чечим унаалардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана авариялардын санын кыскартуу максатында кабыл алынды.