Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине катталды

Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине катталды. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча рекорд коюп, ушундай көрсөткүчкө жеткен алгачкы рефери болуп калды.

 

Анын эсебинде Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттары бар. Гиннес сертификаты 21-ноябрда тапшырылат.