«Тазалык» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду

“Тазалык” ишканасына атайын техника сатып алууда мамлекетке 8 млн. сомдук зыян келтирилгени аныкталганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына беш даана атайын техника сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүлгөн.

«Ишкананын тендерлик комиссиясы орточо базар бааларын изилдебей жана реалдуу бааны аныктабай туруп, 2022-жылдын сентябрь айында “Г.” жеке ишканасы менен 5 даана атайын техника сатып алууга келишим түзүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок, аталган ишкана келишим түзүүдөн баш тартканына карабай, “Тазалык” ага 466 миң сомдук кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып берген»,- деп билдирди башкы көзөмөл кызматы.

Маалыматта ошондой эле 2022-жылдын 5-октябрында “Тазалыктын” мурдагы директору К.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайын техниканы жеке ишканалардын биринен 4 миллион 573 миң сомго
жогорулатылган баа менен мыйзамсыз сатып алганы жазылган.

«Мындан тышкары келишимдеги талаптар сактабагандыгы үчүн чара катары 3 млн. 10 миң 500 сом айып пул өндүрүлгөн эмес. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 8 млн. 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген», — деп белгиленген.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүлүп жатат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасына буга чейин да коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) быйыл мартта ишканадагы коррупциядан бюджетке 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгенин билдирген.

Былтыр Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирген. Борбор калаада таштанды маселеси курчуп, былтыр август айында мэриянын дарегине «Бишкек таштандыга толуп кетти» деген сын көбөйгөн. Ишканадагы “коррупциялык схема” боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы айтылган, жумушчулары митингге чыккан учурлар катталган.

«Тазалыкта» жалпысынан 1500 жумушчу, кызматкер иштейт. Ишканада соңку бир жарым жыл ичинде төрт жолу жетекчи алмашты. Ага жетекчи болуп 2021-жылдын декабрында Азат Сагынов дайындалган. Төрт айдан кийин, 2022-жылдын апрель айында анын ордуна Султан Алыбаев барган. Анын ордуна ошол эле жылдын июль айында Нурлан Касымов иштей баштаган.

Касымов быйыл январда өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, анын ордуна азыркы жетекчи — Рамиз Алиев Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жарлыгы менен дайындалган.

«Тазалык» жана Бишкек мэриясы прокуратуранын маалыматына комментарий бере элек.