Кыргызстанда 334 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделди. Алардын 95 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең сайдырды.
Саламатыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда запаста 1 миллион 185 миңден көбүрөөк дозада вакцина бар.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-марттан тарта башталган. Жашы 18ден ашкан жарандар негизинен Sinopharm же Sputnik-V вакциналарын алып жатышат.
17-июлда Европанын AstraZeneca препараты да келген. Поликлиникалардан тышкары, соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрү ачылган.