Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды

Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды. Боршайкомдон билдиришкендей, Ноокат округунда 91 миң жаран добуш берсе, Ысык-Көл округунда 97 миң добуш берүүчү катталган.

 

Тизме 114 шайлоо тилкесинде 14-майга чейин илинет.

 

Жарандар андан өздөрүнүн жеке маалыматын текшерип, катачылык болсо аймактык шайлоо комиссияларына кайрылышы керек. Эске салсак, аталган бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга белгиленген.