Кыргызстанда ички аба каттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн эрежелер иштелип чыкты

Кыргызстанда ички аба каттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн эрежелер иштелип чыкты.

 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторуна ошол күнгө белгиленген билеттер менен жүргүнчүлөр жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коштоп келгендер гана киргизилет.

 

Андан тышкары, кире бериште жүргүнчүлөрдүн дене табы өлчөнүп, шек жаратса, ооруканага жиберилет. Жөнөтүп аткандар жана тосуп алуучулар аба майдандын аймагына киргизилбейт.