Кыргызстан январь-апрелде мамлекеттик карызды төлөөгө 11 млрд сомдон ашык бөлдү

Ушул жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 157,38 млн долларды (429 млрд 656,56 млн сом) түздү.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы январь-апрелде Кыргызстан карызды төлөөгө 11 млрд 643 млн 284 миң сом жумшады.

Анын ичинен 8 млрд 587 млн сому тышкы карызды төлөөгө, 3 млрд 55 млн 642,1 миң сому ички карызды төлөөгө багытталды.