Баткен облусуна жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 312 миллион сом чогулду

Баткен облусуна жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 312 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Сумманы Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары топтоду.

 

Ведомстводон белгилешкендей, каражат азырынча Баткенге багыттала элек. Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.