Жол эрежесин бузгандыгы боюнча айыпка кошулган туумду алып салуу сунушталды

Жол эрежесин бузгандыгы боюнча айыпка кошулган туумду алып салуу сунушталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов билдиргендей, тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып жатат.

 

Анда ошондой эле  жеңилдетилген айыптын мөөнөтүн 15 күндөн бир айга чейин узартуу каралган. Эске салсак, эреже бузган айдоочуга 1 миң сомго айып жазылса, 15 күндүн ичинде 70 пайыз арзандатуу менен 300 сом төлөсө болот.