Дүйнөдөгү эң кургак чөл – Атакама гүлдөдү. Чөл жайгашкан Чилиде бул жыл аябай жаанчыл болду. Жалпысынан 80 миллиметр жаан-чачын түштү, мындай көрүнүш бул өлкөдө сейрек катталат.
Жыйынтыгында, кумда өсүмдүктөрдүн 200дөн ашык түрү өсүп чыкты. Алар түркүн түскө боелуп, чөлдү гүлдүү аймакка айлантты.