Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан 98 миллион сомдук жер тилке муниципалитетке кайтарылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык акимияттын мындан
25 жыл мурдагы мыйзамсыз буйругу менен калаадан 4 гектар жер ишкерлер ассоциациясына менчик
катары автосервис куруу үчүн берилгени аныкталды. Прокурордук чара көрүүнүн негизинде жер тилке
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.