Баткен облусунда 332 үй колдонууга берилди

Баткен облусунда 332 үй колдонууга берилди. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

 

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 422 үй жабыркаган. 418и жаңыдан курулса, 4 турак-жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Калган 86 үй мартта колдонууга берилет.

 

Эске салсак, чек ара аймагындагы жаңжал 16-сентябрда башталып, Лейлек жана Баткен райондорунун тургундары турак-жайсыз калган.