Аксыда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 13 киши жабыркады

Аксыда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 13 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районундагы Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

 

Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда.

Жерине 2 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишкен.