Баткен облусунда жергиликтүү инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулат

Баткен облусунда жергиликтүү инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулат.

 

Объект Бозу-Баглан дайысынын жээгинде Катран айылында жайгашат. Долбоорду ишке ашыруунун болжолдуу баасы 7 миллион долларды түзөт.

 

Учурда курулуш иштеринин биринчи фазасы 80 пайызга аткарылды. Иштер соңуна чыккандан кийин айылдагы көптөгөн социалдык маселелер чечилип, жергиликтүү тургундар үчүн жаңы иш орундары түзүлөт. Ал эми курулуштун экинчи этабын кийинки жылы жыйынтыктоо пландалууда.