Коронавирустан вакцинанын үчүнчү дозасын 3 миңден ашык кыргызстандык алды

Коронавирустан вакцинанын үчүнчү дозасын 3 миңден ашык кыргызстандык алды. Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматына ылайык, жалпысынан тилкеде 60 жаштан ашкандар, медицина кызматкерлери жана тубаса оорусу бар жарандар катталган.

 

Эске салсак, вакцинанын кошумча дозасы кыргызстандыктарга 17-ноябрдан тарта жеткиликтүү болду.

 

Үчүнчү ирет эмдөөдөн тизмедеги гана жарандар эмес, коронавирус менен ооругандар жана чет мамлекеттерге чыгууну пландап жаткандар өтө алат.