Баткен облусундагы быйыл жазда чыр-чатактан жабыркаган жашоочуларга ай сайын
социалдык жөлөк пул берилет. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, мыйзам долбоор
парламент тарабынан кабыл алынды. Төлөмдүн көлөмү 3 миң 700 сомду түзөт.
Акча каза тапкандардын балдарына же ата-энелерине, ошондой эле ден-соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелгендерге тиешелүү болот. Мыйзам долбоорду ишке ашырууга
мамлекеттик бюджеттен кошумча 3 миллион сомдон ашык керектелет.