ЕАЭБ өлкөлөрү арасынан Кыргызстанда айлык төмөн, бирок азык-түлүктүн баасы кымбат.
Улуттук статистика комитети биздин өлкөдөгү бааларды Москва, Нур-Султан жана
Минск шаарларына салышытырып көрдү. Алсак, бизде орточо айлык 297 доллар деп орнотулду,
Нур-Султанда – 794 доллар, Москвада – 1 миң 483 доллар болсо, Минскиде – 803 долларга барабар.
Уй эти барынан Москвада кымбат – 1 килограммы 560 сом, Кыргызстан жана Казакстанда
480 сомдун тегерегинде, Минскиде болсо – 365 сомдон. Ал эми биринчи сорттогу ун
Бишкекте – 39 сом, Минскиде – 42 сом, Нур-Султанда – 57 сом жана
Москвада – 61 сом. Маалымат сентябрга карата түзүлдү.