ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошту

ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошту. Чечим Ямайкада уюмдун өкмөт аралык комитетинин сессиясында кабыл алынды.

 

Буга чейин аталган тизмеге “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги, төкмө акындык өнөр, кийиз өнөрү, калпак тигүү өнөрү, айтыш, көкбөрү  кирген.