Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске ылайык, фаст-фуд саткан жайларга, жеңил конструкция ээлерине 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айыппул салынып жатат.
Ал эми эрежени мойнуна албагандардын иштери административдик комиссиянын кароосуна жиберилүүдө.