Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы аба каттам ачылат.
“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, 20-апрелден баштап “Красноярск-Бишкек-Красноярск” багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачуу пландалууда.
Каттам жумасына 1 жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.
Белгилеп кетсек, буга чейин аталган шаарга самолет жумасына бир жолу, шейшемби күнү каттачу.