Баткен районунда жакында 8 соцобьект пайдаланууга берилет

Баткен районунда 8 социалдык обьект пайдаланууга берүү алдында турат.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жакында төмөнкү соцобьекттер пайдаланууга берилет:

— Ак-Сай айылындагы 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектеби;

— Ак-Сай айылындагы 75 орундуу «Эделвейс» балдар бакчасы;

— Көк-Таш айылындагы 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;

— Көк-Таш айылындагы 120 орундуу башталгыч мектеп;

— Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеп;

— Достук айылындагы 50 орундуу «Бөбөктай» балдар бакчасы;

— Достук айылындагы ФАП;

-Бассейн;

Бул обьекттер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан курулду.

Жогоруда объектилердин курулушу дээрлик аяктады. Баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылууда.

Мындан сырткары, жыл башынан бери 7 обьект курулуп пайдаланууга берилди.