Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын дээрлик 3 миллион евродон насыя төлөйт.
Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Былтыр кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 миллион еврону насыя, ал эми 8 миллионду грант түрүндө берет.
Бул каражатка борборго газ менен иштөөчү 250 автобус алуу пландалуда.
Маалым болгондой, кредит мэриянын бюджетинен төлөнөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы жыл башына карата 5 миллиард доллардан ашты.