Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 180ден ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 60тай машине жүккө байланыштуу документтерди күтүп жатат.
Ведомстводон белгилешкендей, жүк ташуучу унаалар Казакстанга “Кең-Булуң” өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болот.
Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 7 өткөрүү түйүнү бар. Казакстандагы январь айындагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жатат.