Баткен шаарынын кире беришинде блокпосттор орнотулуп, негизги жолдордун бардыгы жабылды

Баткен шаарынын кире беришинде блокпосттор орнотулуп, негизги жолдордун бардыгы жабылды. Мындай чара аймакта өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу кабыл алынды.

 

Трассанын бир тилкесинде жарылбай калган снаряддар болушу мүмкүн экени айтылууда. Баткенге сапар алгандар негизги жолду айланып өтүп жатат. Блокпостто милиция кызматкерлери нөөмөт жүргүзүүдө. Эске салсак, Баткен облусунун аймагында кечээ техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  режими киргизилди.