Алай районунда жер титирөө катталды, — деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-февралда
саат 23:41де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам, Икизяк айылдарында
2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн
жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.