Баткенде дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада ала алышат.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, айыл-чарба ишкерлерине күйүүчү май
2 сомго арзандатылган баада жеткиликтүү болот. Бул үчүн жергиликтүү бийлик органдарына
билдирүү калтыруу зарыл. Күйүүчү майлар 2 сатуучу жайдан берилет. Мындай жеңилдик
айыл-чарба министрлиги жана мунай ташуучулар ассоциациясы ортосунда жетишилген
макулдашуудан кийин мүмкүн болду. Быйыл Баткен облусунда 30,5 гектар
аянтка кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалды.