Кыргызстанга Өзбекстандан 100 миң тонна жер семирткич жеткирилет

Кыргызстанга Өзбекстандан 100 миң тонна жер семирткич жеткирилет. Бул тууралуу химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директору Жаныбек Дербишалиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата республикага   40 миң тонна жер семирткич темир жол аркылуу жана унаалар менен алынып келинди. Аны дыйкандар өз баасында жеткирүүчүлөр ассоциациясы уюштурган түйүндөрдө ала алат. Белгилеп кетсек, минералдык жер семирткичтин килограммы өлкө аймагында 21-22 сомдон сатылат.