Мамлекеттик ишканаларды пайданын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу сунушу каралууда

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна президенттик администрацияга мамлекеттик ишканаларды таза пайдадан 50 пайыздык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүү тапшырылды. Бул тууралуу маалымат министрлер кабинетинин басма сөз кызматында жазылат.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда жайгашкан бир катар мамлекеттик ишканалардын абалы менен таанышты.

 

Ал кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясынын базасында фермерлерди окутуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү, ал эми Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүгүү варианттарын карап чыгуу керектигин сунуштады.

 

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев учурда министрлер кабинети мамлекеттин катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун менеджментинин майнаптуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна президенттик администрацияга мамлекеттик ишканаларды таза пайдадан 50 пайыздык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүүнү тапшырды.