Баткенде жабыркаган ишкерлерге насыя берүү үчүн бюджеттен 90,3 млн сом каралды

Баткенде жабыркаган ишкерлерге насыя берүү үчүн бюджеттен 90 миллион сомдон ашык каралды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Учурда Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 75 ишкер менен кредиттик келишим түзүлдү. Калгандары менен иштер жүргүзүлүп жатат, — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, былтыр сентябрда Тажикстан Баткен жана Ош облусуна куралдуу кол салган. Анын кесепетинен, бир нече адам жабыркап, турак жайлар жана социалдык объектилер талкаланган.