Баткендеги куралдуу кагылышуудан үзгүлтүккө учуруган аба чубалгылары калыбына келтирилүүдө. «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы жарыксыз калган 7 айылга электр энергиясын берүү аракетин көрүп жатат.
Учурда эки тараптын тең адистери аймакта электр энергиясын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.