Баткенде ушул саттарга карата 11 миңден ашык жергиликтүү тургун эвакуацияланды

Баткенде ушул саттарга карата 11 миңден ашык жергиликтүү тургун эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалым болгондой, алардын                 10 миңден ашыгы коопсуз жайда.

 

Тагыраагы, туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары убактылуу жайларга жеткирилди. Андан тышкары, Баткен шаарында жалпысынан 600 адамга эсептелген убактылуу жайгаштыруу үчүн алты пункт иштеп жатат. Эвакуациялангандар тийиштүү азык-түлүк менен камсыз болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө.