Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу үчүн айыптарды төлөөдө арзандатуу берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу үчүн айыптарды төлөөдө арзандатуу берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

 

Мындай пункт жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөрдө жазылган.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраиловдун айтымында, айыпты төлөөгө 70 пайыздык арзандатуу протокол жазылгандан кийин 1 ай күчүндө болот. Эске салсак, учурда бул мөөнөт 15 күндү түзөт.