Чегиртке мурда болбогон жерлерди да каптоодо

Кыргызстанда чегиртке пайда болушу ыктымал жерлерде атайын каражат жана техника менен тазалоо иштери жүрүп жатканын Айыл чарба министрлиги 11-майда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 9 миңден ашуун гектар жерди чегиртке каптап турат.

 

Анын 8,9 миң гектары Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондорунда, 1 миң гектарга жакыны Баткен облусунун Лейлек районунда.

 

Адистердин айтымында, быйыл чегиртке буга чейин болбогон жерлерде да катталууда. Кыргызстанда эгинге залал келтирүүчү зыянкеч чегирткенин (саранча) алты түрү кездешет, алар негизинен Фергана өрөөнү жана Казакстан менен чектешкен аймактарды мекендейт.