Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, 2-июнда Генералдык прокуратура министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга шектөө менен камакка алды. Жалпысынан 7 кылмыш иши козголду.
Анын ичинде коронавируска каршы вакцинаны сатып алуудагы коррупция фактылары бар. Бейшеналиев менен кошо анын орун басары Улук-Бек Бектурганов, иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана Дары-дармек департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков дагы камакка алынды.