Бийлик Каракол шаарын өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлүү ниетинде

Бийлик Каракол шаарын өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлүү ниетинде. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, каражат базар жана таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга багытталат.

 

Ошондой эле бир нече социалдык объектилерди оңдоо, заманбап мейманканаларды куруу пландалууда.

 

Ал эми учурда Караколдун ички жолдору оңдолуп жатат.