Бийлик жергиликтүү кеңешке шайлоолор учурунда массалык каттоого туруу менен күрөшөт

Бийлик жергиликтүү кеңешке шайлоолор учурунда массалык каттоого туруу менен күрөшөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин айтымында, бул үчүн иш-чаралар планы иштелип чыкты.

 

Алсак, эгер бир батирге 10дон ашык адам жазылса, Мамлекеттик каттоо кызматынын, БШКнын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлерине маалымат келет.

 

Андан тышкары, турак-жайдын ээси жана каттоого тура турган жаран биометрикалык идентификациядан өтүшү керек болот. Эске салсак, 12-апрелде өтө турган шайлоолордун алдында аймактарда массалык каттоо болгон. Бир үйгө 100дөй адам жазылганы аныкталган.