Билим берүү министринин биринчи орун басары иштен алынды

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.

Белгилеп кетсек, Бекташов аталган кызматка 2022-жылдын сентябрында дайындалган.