Билим берүү министринин орун басары болуп Аида Рысбаева дайындалды

Аида Рысбаева Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

 

Эске салсак, буга чейинки министрдин орун басары Надира Жусупбекова ушул жылдын 11-майында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.