Кыргызстан окуучулары аралыктан окутууга чет элдик донор тарабынан камсыздалат

Кыргызстан окуучулары аралыктан окутууга чет элдик донор тарабынан камсыздалат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, алдын-ала мониторинг жүргүзүлүп,

өлкө аймактарында 65,5 миң окуучуда смартфон жана 4 миң 800 үй-бүлөдө сыналгы жок экени аныкталды.

Учурда ушул маселени чечүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ага катар мугалимдерди да техникалык каражаттар менен

камсыз кылуу аракети көрүлүүдө. Белгилеп кетсек, өлкөдө жыйынтыкталган окуу жылынын 4-чейреги аралыктан окутулду.

Анда окуучулардын бары заманбап жабдууларга ээ болбогондуктан, онлайн билим алууда бир топ кыйынчылыктар жаралган.