Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 887 миллион 46 миң долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 887 миллион 46 миң долларга жетти. Ноябрдын аягына карата маалыматты Каржы министрлигинен беришти. Карыздын басымдуусу – 86 пайызы – тышкы милдеттенмелер болуп эсептелет.

 

Кыргызстандын эң чоң бересеси Кытайдын Эксимбанкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Азия өнүктүрүү банкы алдында.

 

Белгилеп кетсек,  2019-жылдын ноябрында мамлекеттик карыз 383 миллион долларга аз болчу.