Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды жеткирүү уланууда

Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды жеткирүү уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Индиядан 10 киши чартердик каттам менен өлкөгө кайтты.

 

Андан тышкары, Египеттен 47 адам, Якутиядан 170 киши келди. Алар обсервацияларга жаткырылды. Мекендештерди кайтаруу боюнча иштер дагы уланат.