Биометрикалык жалпы жарандык паспорт жаңы жылдан баштап берилет

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорт 2021-жылдын башынан жарандарга берилет.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, документ эки түрдө – биринчиси 34 барактуу, экинчиси 52 барак болот. Экинчиси — чет өлкөгө көп каттагандар үчүн ылайыкталган.

 

Аз барактуусунун бланкынын баасы — 407 сом, барагы көбүнүкү — 470 сом. Негизги артыкчылыгы — 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар, паспорттун сыртында электрондук чип орнотулган жана жарандын жеке маалыматтары лазердик технологиялар менен жазылган.

Виза коюлуп, чек ара өткөрмө бекеттеринин мөөрү басылчу барактарга Кыргызстандын аймактарынын символдору тартылган. Бишкектеги Ала-Тоо аянты, Манастын эстелиги, Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси, Баткендеги Айгүл гүлү, Токтогул суу сактагычы, Таш-Рабат комлекси, Таластагы Манастын күмбөзү, Токмоктогу Бурана жана Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапса болот. Ошондой эле өлкөдөгү жаныбарлар да тартылды.

 

Биометрикалык паспорттун бланктарын Кыргызстанга германиялык «Мүлбауэр» («Mühlbauer ID Services GmbH») компаниясы даярдап берет.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул ишкана менен ушул жылдын 29-майында келишим түзгөн. Электрондук паспортторду даярдоо боюнча түзүлгөн үч жылдык келишимге ылайык, «Мүлбауэр» 1,5 миллион бланк чыгарышы зарыл. Ишкана бул кызматы үчүн 655 миллион 645 миң сом сунуш кылган.

Кыргызстан буга чейин ички паспорт — ID карталардын биометрикалык үлгүдө чыгара баштаган.

 

Чет мамлекеттерге чыга турган жалпы жарандык биометрикалык үлгүдө болбогондуктан, АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген.

Дүйнө жүзүндө 80ден ашуун мамлекет, анын ичинде Кыргызстанга коңшу өлкөлөр жарандарга биометрикалык паспорт бере баштаган.