Жогорку Кеңеш шайлоосунун жалпы сметасы 590 миллион сомдон ашты

Жогорку Кеңеш шайлоосунун жалпы сметасы 590 миллион сомдон ашты.

 

Бизге БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдиргендей, бул сумманын басымдуу бөлүгү шайлоо комиссиясынын кызматкерлерине айлык катары берилет.

 

Өлкө боюнча алардын саны 30 миңден ашат. Калган каражат тилкелерди талапка келтирүүгө жана транспорттук чыгымдарга жумшалат. Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.